M - Vector
Супервайзер
Не указана
- Управление командой
- Обучение персонала
- Кыргызский — C1 — Продвинутый
"M-Vector" эл аралык изилдөө жана консалтинг компаниясы.
Интервьюерлердин ишин координациялоо үчүн супервайзерлерди чакырабыз.
Негизги максат – даяр анкета боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзгөн интервьюерлердин ишин өз убагында жана сапаттуу уюштуруу.
Негизги милдеттери:
- Интервьюерлер тобунун ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө.
- Интервьюерлерди тандоо жана окутуу.
- Өткөрүлгөн интервьюлардын сапатына мониторинг жүргүзүү.
- Кайтарым байланыш берүү (кемчиликтерди талкуулоо жана багыт берүү).
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- Лидерлик сапаттар, персонал менен иштей билүү, натыйжалуу байланыш түзүү көндүмдөрү.
- Жоопкерчилик жана кунт коюп иштөө.
- Стресске туруктуулук.
Биз сунуштайбыз:
- Алдыңкы изилдөө компаниясында социалдык маанилүү долбоорлордо иштөө.
- Негизги жумушу барлар үчүн жана аралыктан (удаленно) иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Ийкемдүү иш графиги.
- Долбоордук негиздеги жумуш.
Компания тууралуу кененирээк маалыматты биздин сайттан алсаңыз болот.
Тандоого катышуу үчүн резюмеңизди жөнөтүүнү суранабыз.
Биз резюме келип түшкөн күндөн тартып бир жуманын ичинде талаптарга эң ылайыктуу талапкерлер менен байланышабыз.